www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санк-Петербург шаарында Ленинград блокадасында 150 баланы багып алган Кыргызстандык Токтогон Алтыбасаровага эстелик курулат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Султан Раев белгилүү орус акыны Михаил Синельниковдун сөзүнө таянып билдирди.

“Санкт-Петербургдан мындай кабарды угуп кубандым. Ошондогу чоң өлкөдөгү элдин бир үй-бүлөдөй ынтымактуу болгондугу дайыма менин эсимде. Кантсе да мен блокаданы башынан өткөрүп, кийинчерээк Орто Азияда жашаган үй-бүлөдө төрөлгөм. Мен ал жактан көптөгөн сары чачтуу жана күрөң көздүү, көк көздүү өспүрүмдөрдү багып алган көп үй-бүлөлөрдү көргөм. Бул Орто Азия элдеринин чыныгы эрдиги эле. Эгер бул окуя унутулуп калса, элге жана бул улуу аялга карата адилетсиздик жана абийирсиздик болмок”,-деп эскерет Синельников.

Токтогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев бул идеянын автору Санкт-Петербург шаардык мэриясы жана коомдук уюмдар экендигин айтып берген.

Эстелик Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналып коюлат. Азыркы учурда эстелик Томск шаарында жасалууда. Бизге эскизин жиберишкен”,-дейт Абдиев.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости