www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баласына жардам берип жаткан дарыгерди атасы сабап салган

Бишкекте мас адам баласына жардам көрсөтүп жаткан  №1 шаардык клиникалык оорукананын дарыгерлерине кол салган. Бул тууралуу Фейсбуктагы Алма Карсымбек деген аккаунту жарыялады.

Анын айтымында, окуя бир нече күн мурда болгон. Эки жаштагы баланы ата-энеси температурасы жогорку абалда алып келишкен. Дарыгерлер  баланы жандандыруу бөлүмүнө алып киргенден соң, мас абалындагы ата дарыгерлерди сабап, милиция келгенге чейин чабуулун токтоткон эмес.   

Аталган окуя туурасында оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев тастыктады. Анын айтымында, чабуулчу кечирим сурап, дарыгерлер аны кабыл алган.  

"Бизде достук бар. Бирок өкүнүчтүү, биздин дарыгерлер   жарандардын ден соолугун сактоого аракет кылып жатса, анын  сабаганы. Дарыгерлерди мыйзамдуу түрдө коргоо керек. Кошуна өлкөлөр мурдатан эле дарыгерлерин  коргоп келет.”,-деп билдирген дарыгер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости