www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Иран тиреши согуш менен аяктай турган болсо, АКШ Тегеранга каршы соккуларды Афганистандын аймагынан жүргүзүшү толук мүмкүн. Бул тууралуу эксперт Медербек Корганбаев өз оюн ортого салган.

Анын баамында америкалыктар үчүн Ирактан согуш аракеттерин жүргүзүү оор болот. Себеби, Иракта Иран элиндей эле шиит агымын тутунгандар абсолюттук көпчүлүктө. Андан сырткары, Иракта Ирандын бийлигин колдогон партизандык топтордун саны арбын. Алар тарабынан америкалык аскерлерге партизандык согуш байма-бай жүргүзүлүп тураары бышык. Ошондуктан, Афганистандан сокку уруу ыңгайлуу жана коопсуз. Эки өзөктүү куралданган өлкөлөрдүн кагылышынан улам АКШ Афганистанга аскердик логистиканы кеңейтет. Аны жайгаштыруу үчүн АКШ Орто Азия чөлкөмүнөн авибазасын жайгаштыруу үчүн аянтча издейт. Тажикстан Иранга каршы америкалыктардын авиабазасын жайгаштыруусу күмөн. Себеби, тажик менен ирандыктардын тили, дини түспөлдөш. Өзбекстандын дагы америкалыктарга аянтча берүүсү чоң күмөн. Түркмөнстан болсо макамы боюнча нейтралдуу өлкө. Бул тизмеде бир гана Кыргызстан калат.

Андыктан, АКШ Кыргызстанга авиабазасын жайгаштырууга бардык күч аракетин жумшайт. Бирок, кыргыз бийлиги бул демилгени албетте колдобойт. Анткени менен АКШ кыргыз бийлиги менен бир пикирге келүү үчүн Сауд Арабия жана Түркия мамлекеттерин  ортомчу катары пайдаланышы мүмкүн. Ал дагы ишке ашпаса анда өлкөдөгү америкалык маанайдагы саясатчыларды каржылап, расмий бийликке каршы акцияларды уюштурушу толук ыктымал. АКШнын Кыргызстандагы авиабазасы америкалыктарга аба-суудай керек. Анткени, бул жерде бир гана Иранга каршы сокку эмес андан сырткары АКШ дагы эки маселени өзүнүн пайдасына чечкени турат.

Кыргызстанда авибазанын ачылышы америкалыктардын Орто Азия чөлкөмүнө кайтып келгендигинен кабар берип, Кытайдын бул аймактагы геополитикалык үстөмдүгүн басаңдатуучу факторго ээ болот. Бул сценарийге расмий Москва дагы көнбөйт. Пекин дагы мунун ишке ашпасына далалат кылат. Себеби, учурда Пекиндин Орто Азиядагы эң ири долбоорлорунун бири ишке ашканы турат. Ал Кытай-Орто Азия темир жолу. Америкалыктардын авиабазасы ачыла турган болсо анда ал долбоор автоматтык түрдө Кытай бийлигин туңгуюкка такайт. Себеби, АКШ сыяктуу улуу державанын аскерлеринин көз алдында анын геополитикалык атаандашы темир жол куруусу өлүмгө тете. Андыктан, учурдагы дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен бардыгына даяр болуу абзел. Анын үстүнө АКШ президенти Дональд Трампка Иранга каршы согуштук аракет жүргүзүү дагы абдан керек. Себеби, бир жылга жетпеген мөөнөт аралыгында АКШда президенттик шайлоо өткөнү турат. Трамп болсо ал шайлоодон жеңип чыгуу үчүн согушка аттана тургандыгын Ирандын таасирдүү генералынын өлтүрүлүшү менен далилдеп койду.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости