www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оорубайын десеңиз, иммунитетти көтөрүңүз

Кээде адамдар өзүнөн-өзү ооруп, бир оорусу айыкса экинчи ооруга кабылып, канча дары ичсе деле натыйжа бербегенин, "Эч нерсе жардам бербей жатат. Айыкпай койдум",-деп андай адамдар акырында дарылануудан да баш тартып койгон учурларын жашоодон көрүп эле жүрөбүз. Медицина кызматкерлеринин айтымында, мунун себептеринин бири - иммундук системанын начарлашы. Демек, мындайда биринчи иретте иммунитетти көтөрүү керек.

Иммунитеттин төмөндөй баштаганын билдирүүчү алгачкы белгилер:
* Энергиянын жетишсиздиги.
* Бат-баттан чарчоо.
* Уйку басуу же, тескерисинче, уйкусуздукка кабылуу.
* Баш оору.
* Булчуңдардын, муундардын какшап оорушу.
төмөндөп, алтургай өтүшүп кеткенин билдирүүчү белгилер:
* Ар кандай инфекция, вирустарды организм тез кабыл алуусу. Натыйжада, тынымсыз ооруй берүү.
* Эринге учук чыгуу.
* Бир канча жаңы өнөкөт ооруларга туш болуу жана мурдагы ооруларды андан да өтүштүрүп жиберүү.
Демек, мындай болбош үчүн өз убагында чара көрүп, иммунитетти көтөргөнгө аракет кылышыңыз абзел.
Эмнелер төмөндөтөт?
Спирт ичимдиктери. Алкоголду ашыкча колдонуу ар кандай ооруларды гана пайда кылбастан, иммунитетти кескин түшүрөт.
Кофеин. Бул зат кофеде, чайда, газдалган суусундуктарда бар. Кофеин иммунитетти түшүрүү менен бирге организмдин ар кандай азыктардагы пайдалуу заттарды кабыл алуусуна тоскоолдук кылат.
Стресс жана жакын адамынан айрылуу. Дайыма стрессте жүргөн жана жакын адамынан айрылган адамдар тез эле жакшынакай өң-келбетинен кетип, арыктап, ооруп, жүдөп кетишери белгилүү. Тактап айтканда, стресс кандагы ак клеткалардын (лейкоциттердин) пайда болуусуна тоскоол болуп, натыйжада бул иммунитеттин түшүшүнө алып келет. Себеби, лейкоциттер иммунитетти коргоочу клеткалар болуп эсептелинет.
Антибиотиктер. Иммундук система ичегилердин абалына да көз каранды. Мисалы, жоон ичегиде организмге пайдалуу да, зыяндуу да бактериялар болот. Адам ден соолукта болуш үчүн алар дайыма тең салмакта болушу зарыл. Ал эми антибиотиктерди кабыл алганда бул тең салмактуулук бузулат да, иммунитетке доо кетет. Алтургай антибиотикти врач сунуштаган өлчөмдө кабыл алсаңыз да, иммунитет эч болбосо 50-57%га төмөндөйт.
Туура эмес тамактануу. Буга сапатсыз жана жасалма жол менен даярдалган азыктар, маринаддалган, ошондой эле курамында химиялык кошулмалар же кант көп азыктар менен азыктанууну кошсо болот.
Дайыма диета кармап, ачкаланып жүрүү, семиздик же өтө арыктык да иммунитетти түшүрөт. Ошондуктан, өз маалында, бирок өлчөмү менен тамактануу, семирбөө жана өтө арыктабай нормада жүрүү гана туура болуп саналат.

Элдик ыкмаларды да колдонуңуз
Иммунитетти көтөрүү үчүн төмөндөгүдөй элдик ыкмаларды колдонсоңуз өз натыйжасын берет:
50 г алма ширесин 150 г кызыл демделген ысык чайга аралаштырып ичиңиз.
* 3 даана алманы кабыгын аарчыбастан майдалап туурап, үстүнө 1 литр кайнак суу куясыз. 10 мүнөт кайнаткан соң оттон чыгарып 30 мүнөт тыныктырасыз да, каалашыңызча бал кошуп ичесиз.
250 г майда тууралган пиязга 200 г шекер кошуп, үстүнө 0,5 литр суу куясыз. Жай отко 1,5 саат кайнаткан соң муздатып, ага 2 аш кашык бал кошосуз. Аралашманы марля менен сүзүп, айнек идишке куюп, бир күндө 3 маал 1 аш кашыктан ичип туруу кажет.
Жарым стакан майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн түрп менен сабизге 1 аш кашык бал, 1 аш кашык лимон ширесин кошуп, эртең менен жана кечинде тамакка чейин 1 аш кашыктан жеп турушуңуз керек.
Сизге 300 г бал, 100 г алоэ ширеси, 4 лимондун ширеси, 200 г арак керек. Булардын баарын аралаштырып, караңгы жерге бир сутка тыныктырасыз. Күндө 3 маал тамактанууга 30 мүнөт калганда 1 аш кашыктан ичүү керек.

Последние новости