www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухаммедкалый Абылгазиевдин  өкмөтүнө айтылган сын

Күтүлбөгөн жерден бүгүнкү өкмөт мүчөлөрү отурган жайыл дасторконго Куйручук келип калат. Куйручук келди дегенди укканда жайылган дасторкондо отурган өкмөт мүчөлөрү төрдөн орун камдашып, ал үйгө кирип келер менен, кары-жашы дебей орундарынан турушуп: «Төргө өтүңүз» - дешип тең жарыла беришет.

Куйручук Мухаммедкалый Абылгазиевдин катарына барып орун алат. Бир аз тымтырс боло түшкөндөн кийин, Куйручук башындагы кара көрпө тебетейин алып, бешмантын чечип, дасторкондо чогуу отурушкан өкмөт мүчөлөрү менен таанышуу ыкыласын билдирет.

-Кана, эмесе бул чогуу отурган адамдар менен тааныша кетели. Ар кимдин өзүнө таандык ысымы болуш керек да, - дейт.

-Ырас айтасыз, сөзүңүздүн жөнү бар. Сизди жайланып алсын деп жатпаймынбы,- дейт өкмөттүн вице-премьери Жеңиш Разаков.- Бери жагыңызда отурган биздин өкмөттү жетектеген Мухаммедкалый Абылгазиев деген премьер-министр. Сөздү Мухаммедкалый Дүйшөкевич улантса жакшы болгону турат.

Куйручук Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзүн күтүп отурган жок, ал:

-Ат кулактын түбүнө боёлгон теридей чаары бетине жанган киши өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев турбайбы. Эки жыл тууту жок, кысыр калган бээдей болуп, акча, кызмат дегенде алкынып турган убагы экен. - деп калды эле, бөлмөнүн ичи жандана түштү. Анда Куйручук сөзүн улап:

-Мынабу кош ооз бардаңке мылтык мурунданган кара министриң ким? - деп Мухаммедкалый Абылгазиевден сурап калды.

-Санжар Муканбетов деген экономика министри ушул.

-Каз, өрдөгү көбүрөөк жерден болгондуктан, апасы топоздун музоосу мурундандырбай  бардаңкелүү кылып төрөп койгон турбайбы,- деп коштоп кетти Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил БусурманКул.

-Мен дагы ошондой боолгологон элем, жаза айтпаптырмын.- деп Куйручук, «Бул ким,тигиниң ким болот?» - деп эч кимди сөөмөй менен көрсөтүп сурабады. Ал болгону көзүнүн кыйыгы менен карап, көңүлү бурулган кишинин сырткы көрүнүшүнө, ички дүйнөсүнө таандык салыштырууну чукуп алгандай таап, премьерге кайрылып отурду.

- Тандырга жаап бышырган базар токоч беттенген манаттай  кыпкызыл болгон министриң ким?

- Жол, унаа министри Жанат Бейшенов.

- Элдин баары эркек балалуу болуп калалы деп Уулболсун, Жаңыл сыяктуу аттарды коет. Мунун атын Жанат деп кыздын атын берип койгон тура, –дейт Куйручук.

-Атаганат, деңиз Куке! Убалы аны кыз жаратпай, эркек жараткан апасына жетсин, -деди өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил БусурманКул.

-Жанат эмес, Манат болбой калганы өкүнүчтүү. Кыз болсо шыңгырамасын шыңгыратып далай “чиништердин” жүрөгүнө чок салып, сойкуканада жүрмөк. Акчанын төбөсүнө отуруп азыр дардаңдаган министр тура ,- дейт Куйручук.

УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев күлкүчү жетекчи экен Тукумуң курган Эмил БусурманКул жиреп турганын карачы,- деп ыкшып күлүп жиберет.

-Музоосун жалаган боз уй кейиптенген ак жуумал, алкымынын кенендиги алыстан көрүнгөн министриң ким? - деди Куйручук  Осмонбетов Эмилди карап.

- Ал энергетиканы, өнөр жайды жана кендерди жетектеген Осмонбетов Эмил.

-Ооба, ооба энергетиканы эзип, өнөр жайын өңгүрөтүп,  кендердин алкымынан жыттап жүргөн өңдүү-түстүү иничегиңиз ушул, Куке. Өткөндө Кочкордогу уран кени боюнча эл зыян десе, пайдалуу деп чыкса болобу, катыгүн. Ал эмес жогоркулар жөнөтсө, ошол кенге барып жашоого дайым даяр.- дейт өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил БусурманКул аны да жиреп кетти.

  Куйручуктун таамай айтканына Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил БусурманКул орду менен сүрөөгө алганы айкалышып, ал жерде отургандар үчүн өзүнчө эле салтанат башталды.

  Аты аталгандар өз энчисин алгандай тамашага баткандары менен оозго алынбагандар, мени эмне деп атаар экен дешип, ичтеринен ар ким өз алдынча кезек күтүп жатышты. Куйручук кыркаар тартып олтургандарга чөп башылап, бирин таштап, экинчисинен аттап кеткен жок. Ал сырткы кебетесине карап айрым министрлердин ички дүйнөсүн да ачып жатты.

-Жайдын сур булуту кейиптенген үтүрөкөй баштанган ичим тап министриң ким болот?

- Бул айыл чарбасын өзү билген министрибиз Эркинбек Чодуев.

- Айыл чарбасы эмнеге аңтарылып баратат десе ушундай жигиттер башкарат экен да. Илгери биздин убактагы элге көңүл бурган колхоз-совхоздор жоюлуп, бул эми кимдерди жетектейт? - дейт Куйручук.

- Жетектөөгө кардар табылат, мунун жетегинде деле бир аз кызматкерлер бар. Аларды ал тиешелүү жерлерге жибербей, тааныш сулуу аялдарды Кытайга жиберип, алар жактан катуу уятка калган. Дагы бир аялзатынын бир жарым миллион долларын министр боло электе “ап” этип коюп, эми кантип төлөйм деп, түн уйкусу экиге бөлүнүп жүргөн убагы.

 Куйручук андан ары отурган адамга кайрылып:

- Көзүн айрып кеткенсиген, корккон түлкүдөй ырсайган министриңер кайдан?

- Ооба, мылтыктын кароолун шыкаалагандай көрүнгөнү менен, түлкүдөй ырсайган бул министриң ырдаганда кыз-келиндер күйгөндөрүнөн чок болуп кете жаздашат. Кыргызстанга биринчи өкмөт башчысы болгон Иманаалы Айдарбековдун кызынын балдарынан Чыңгыз Айдарбеков. Өзү ишин көп жакшы деле билбейт, бирок таятасынын кадыр-баркы менен тиши өтпөгөн Тышкы иштер министрлигин жетектеп жүрөт. - деп улап кетти өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил БусурманКул.

 Чачы түшүп, башы таргыл ала болуп калган, таз Каныбек Исаковду Куйручук  карап туруп:

- Жоорун сагызган чукуп кеткен, кырчаңгы көлүк кебетелеген, башы чакалай, сасыган таз жыттанган министриңер  ким?

- Башы таз болгону менен мээси иштейт, 40-50 жыл иштеп жетпей жүргөндөр болсо да, өң тааныштарына студенттик скамейкадан келер менен “Эл агартуу отличниги” деген наамын “жең учунан” алып берген Каныбек Исаков деген Илим жана билим министри ушул. Иштеген иштеринин күрдөөлдүгү боюнча алдына Касым Тыныстановду да салбайт. Каныбек Исаков Ленин, Хрущев, Андропов, Горбачев, Путинди туурайм деп, башын дайыма жыдытып турат.

- Касым Тыныстановду моюнчалабаса да кырчаңгылыгынан кутулса, анын соорусуна жабышкан сайгактай трайбализмди чымылдатчу министр көрүнөт.- деди Куйручук.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны карап Куйручук:

-Мурдуна кароол койгонсуган эңирейген көз айнекчен кызыңардын өнөрү эмне?

-Бул кызыбыз дайыма төрдө отурган Акылбек Жапаровдун окуучусу Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.  

-Кебетелерине караганда кыз-жигиттей куп табышкан экен. Акылбек Жапаровдой курт-кумурскага паспорт бергенди сүйсө, элдик кенчке ээ болоорунда талаш жок. Деги арты кандай болоор экен?- дейт  Куйручук.

-Акылбек Жапаровду азыр Каржы министрлигинен итти куугандай кууп чыкса, эртеси кайра министр боло турган. Бирок эли ачка, өзү ток болгон, эгер аны тарта турган болсо капчыгы акча, калкы ачка министр болор,- деди Эмил БусурманКул.

Куйручук андан кийинкиге кайрылды:

-Сынган терезе көздөнгөн жылжымышың ким? - деп Космосбек Чолпонбаев деген министрди капшап өттү.

-Жылжымыш деп туура, баа бердиңиз, анткени Саламаттыкты сактоо министри болгону менен Космосбек Чолпонбаев элдин ден соолугу дегенде акчаны аяп, жылжытып  агызганы менен өз капчыгына акчаны күрдөөлдүү урат. Элдин ден соолугу менен ойноп, анын врачтары дарыкана күтүшүп, ооруп барган адамдардын саламаттыгына эмес, ошол өз дарыканаларынан ооругандар дары алышып, акчалары көбөйүп турушуна көңүлүн көп бурат.

Ал жерде отургандардын бардыгы өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил БусурманКулга эмне дээр экен деп күтүп атышты. Экөөнүн куйкум тамашаларын уккулары келишти. Кезек Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил БусурманКулга жеткенде:

- Эмил БусурманКулду жакшы билип калдым. Топоздун торпогу мурунданганын өзү оозунуп айтып салбадыбы. Бүгүнкү замандын туусу катары, өкмөттү өзү билет деп угуп жүрөбүз,  -деди Куйручук.

 - Топоздун торпогу мурунданганым менен тостту Көк үйдө биринчи мен айтам. Премьер-министрлер келет, кетишет, ал эми Эмил БусурманКул түбөлүккө кала берет, – деп сөзүн аяктайт Эмил БусурманКул.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости