www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1998-1999-жылдар болчу, ал кезде бойдок кезим. Балдар менен кечинде көчө таптамай, айылды зерикпей түрө кыдырмай, кыскасы бойдокчулуктун доорун сүрүп турган кез болчу. Жаз күндөрүндө армиядан келген дос баланы сыйлайбыз деп балдар чогулуп айылдын жогору жагына чыгып олтуруп калдык. Ал кезде колдо жасалган арак (самогон) ичмей мода эде. Ошентип аракты ортого коюп сүйлөшүп олтуруп көрүмчү, албарсты жөнүндө сөз болуп кетти, ар ким айтканын угуп олтуруп шылдыңдап күлүп олтурганбыз. Мен эч ишенчү эмесмин албарсты, жез-кемпир дегендерге калп эле жомок дечүмүн. Ошентип олтуруп таркай баштадык. Ылдый жакка үйүмө кайтканда жалгыз калыптырмын чаңкап кетип жол боюндагы чоргодон суу ичип ала-йын деп эңкейип суу ичип жатсам, сиз мени сүйөсүзбү деген үндү угуп артымды карай калсам эле чачтарын жайган, энеден туума жылаңач, көздөрү кыпкызыл, өңү сапсары болгон кыз турат. Ордумдан секирип туруп, кантип качканымды билбейм.
Качып келе жатып артымды карасам жетейин деп калыптыр, өмүрүмдө келме жаттабаган, келме айт десе шылдыңдап күлгөм жаным кантип келме айтканымды билбей калдым. Келме кантип оозума келгенине эмдигиче таң калам. Ошол бойдон атайылап жаттабасам да эсимде кыттай куюлуп калыптыр. Ошентип үйгө келсем ыраматылык атам уктабай олтурган экен, мени көрүп эле эмне болду, өңүң жок, чачың болсо тике туруп калыптыр деп сураганын билем калганы эсимде жок. Эртең менен турсам тууган уруктар топтолуп калыптыр, ордуман туруп эшикке чыгайын десем атам канча күн болду жатканыңа десе болобу, кечээ кеч жаттым эле, уктап калыптырмын десем, жатканыңа эки күн болду, жөөлүп чыктың молдо алып келип окуттум деп турат. Атама көргөндөрүмдү айтып берсем, - ошо, жок сүйбөйм эле сүйбөйм деп кыйкырып чыктың дейт.
Ошол күндөн бери арадан 20 жылдай өтсө да ал окуяны эсетесем денем дүркүрөп, коркуп кетем.
Булак: Шамбала