www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-августта темир жол жана деңиз аралаш ташуу алкагындагы биринчи жүк поезди Казакстанга бараткан жолдо Кытайдын “Хоргос” өткөрмө пунктунан өттү. Бул маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.
Поездде жалпы баасы 10 миллион юанды түзгөн япониялык 100гө жакын автомобиль бар.
Бул машиналар алгач Япониянын Нагоя портундагы заводдордон чыгарылып, андан кийин Кытайдын Тяньцзинине жеткирилген, андан ары темир жол менен Хоргос аркылуу Казакстандын Алтынкөл станциясына жөнөтүлүп, ал жерден автотранспортчулар тарабынан белгиленген жерге — Алматы шаарына жеткирилет», - деп темир жол жана деңиз транспорту боюнча долбоордун оператору Чэн Синьлун билдирди.
Жүк ташуунун жаңы модели Кытай-Европа жана Кытай-Борбор Азия экспресс каттамдарынын артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул ташуу убактысын 60% га ашык кыскартып, бул логистикалык чыгымдарды да кыйла төмөндөттү. Мындан тышкары, заманбап маалыматтык технологиялардын жардамы менен бажы процедуралары кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү.
«Бул долбоордун ишке кириши Япония менен Корея Республикасынын ишканалары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ал Евразиялык кургактык-деңиз соода коридорунун түзүлүшүн тездетет. Мындан тышкары, «Интернет+» онлайн сервисин колдонуу бир эле учурда жүктү которууга, калыптандырууга, текшерүүгө жана өткөрүүгө мүмкүндүк берип, бажы процедураларынын жогорку ылдамдыгын камсыз кылат», - деди «Хоргос» көзөмөл-өткөрүү пунктунун бажы кызматкери Судэ Фенджи.
Булак: NazarNews.kg