www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катуу селден улам Баткен облусундагы Кызы-Кыя шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү саат 18:00дөр чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө сел жүрүп 24 турак жайдын короосун, 17 үйдүн ичин жана жер төлөсүн, социалдык объектилердин короолорун каптаган. Селден кийинки тазалоо иштерине ӨКМден 117 куткаруучу тартылып, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кызыл-Кыяга барып жергиликтүү тургундар менен жолугуп, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирген.
Булак: NazarNews.kg