www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин Фейсбук баракчабызга атын толук жазбоону суранып, окурманыбыз төмөндөгү катты жөнөткөн.

Кыргыз жигиттери азыр Лола, Сауле болуп жатышат. Анан кээ бир патриоттор өздөрүнчө кыргыз кыздары бузулду деп төш какканын койбойт. Айланайын айрым жигиттер! Биринчи кыздардын ысымын талашпай, ысымыңарды эркекче коюп алгылачы! Анан кыргыз кыздарына асылгыла! "Бир карын майды бир кумалак чиритет"- деген ушул да.

Айрым жигиттер кыздардан кынтык таппай издеп турушат. "Дагестандык жигит кыргыз кызы үчүн жан берди" деген маалыматты окуган айрым интернетте эле патриот болгонду билген эркек сөрөйлөр "кыз өзү бузулуп ошолорго ылайык, бузулгандарды ошентип талаша берсин, бизге бул жактагылар жетет" деп пикир калтыргандарын көрүп, кыздар эмне себептен ошолорго жеткиликтүү болуп жатканын төмөндөгү видеону көргөн соң түшүндүм!

Кыйратып бул жактагы кыздардын кадырына жетип аткансып сүйлөп коюшат да жанды кашайтып! Силер "лөлүнүн эркегиндей" болуп сулайып жатып алсаңар байкуш аялдарыңар, кыздарыңар "лөлү эркектерди" багыш үчүн чет жерде кул болуп ар кандай азаптарды баштан өткөрүп жашап келишет. Алардын бирин билбей маңдай тер менен таап салган акчасын самандай сапырып анан ушинтип сүйлөйсүңөр!

Негизи айрым эркектерге сооп жок "үйдө баатыр жоодо жок" аялына кыйкырып, кол көтөрүп, сөгүп тамак аш таптырып эл алдында акылдуу сүйлөгөндү эле жакшы көрөт. Араңарда ошондой намысы жок "лөлүлөр" бар экенин билсеңер ушинтип жазбай калмаксыңар деп ойлойм!

Наргиза, Бишкек шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости