www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун Арка айылынын тургундары президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушууну талап кылышууда. Алар мамлекеттин биринчи адамдары чек ара аймагында коопсуз жашоого кепилдик беришин каалашат. Бул тууралуу алар бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда билдиришти.

Аларга биринчи кезекте үй эмес, аймактагы бейпил жашоо керектигин белгилешти.

«Биз сабырдуу элбиз, бирок чыдамыбыз түгөнүп баратат. Кыргыз элибиздин жардамы менен үйлөрдү, дүкөндөрдү калыбына келтирсек болот. Президент УКМКнын башчысы менен чогуу келип, чек ара боюнча суроолорубузга ачык жооп берсин. Былтыр да жаңжалдан кийин алар Арка айылынын тургундары менен жолуккан эмес. Бизге үйлөрдүн кереги жок, бирок чек ара маселесин чечиш керек. Бизге мындай көрүнүш кайталанбайт деген кепилдик керек. Же баарыңар - депутаттар, президенттер бул жакка көчүп келип, Арканын эң четиндеги үйлөрдө жашагыла», - деди жергиликтүү тургун.

Белгилей кетсек, бир күн мурун Баткендеги чек арага жакын айылдардын тургундары УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы менен жолугушкан. Алар Камчыбек Ташиев менен жолугушууну талап кылышкан, бирок ал келген эмес. Андан Тажикстан менен кол коюлган протоколдор боюнча түшүндүрмө берүүнү суранышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости