www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"NazarNews.kg маалымат агенттигинин редакциясында чагылдырылган Ленин РИИБнин кызматкерлери тууралуу "мыйзам бузуу" деген макала боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп  баштады, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", деп билдирет Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, NazarNews.kg маалымат агенттигинин редакциясына милиция кызматкерлери тарабынан жасалган зомбулук тууралуу кабар келип түшкөн. Катта мыйзамсыз аракеттерге барган Ленин РИИБнин айрым кызматкерлеринин аттары көрсөтүлгөн. Кабардын текстин өзгөртүүсүз беребиз.

Урматтуу журналисттер!

Адилеттикке үмүт артуу менен Сиздерге жазып жатам. Мен укук коргоо органдары, тагыраагы милиция тарабынан анык зомбулук менен бейбаштыкка күбө болуп отурам.

Өздөрү Кыргызстандын карапайым тургундарынан опузалап акча алган, уруп-соккон, коркуткан чыныгы бандитке айланып калышкан Ленин РИБнин милиционерлерин тартип сактоочу деп атоого тил да бурулбайт.

Сиздерге бир окуяны айтып берейин, сиздер акыйкаттыкка жетесиздер жана журналисттердин жардамы менен адилеттик орун алып, ИИМ погончон айбандардан арылат деп ойлойм.

Бир жума мурда Бишкек шаарындагы Ленин районунун 3 милиция кызматкерлери коркутуу, үй-бүлөсүнүн көзүнчө инсандыгын шылдыңдоо менен бир адамды (атын Азамат деп атайлы, чыныгы атын айтуу азыр кооптуу, кийинчерээк себебин айтам) үйүнөн алып кетишкен.

КР ИИМнин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрошүү башкармалыгынын (ГУБОП) милиционери Жабдалов Ильяс, Ленин РИИБнин оперкызматкери Абдрахманов Каниет, ошол Ленин РИИБнин дагы бир Мелис аттуу оперативниги, анын фамилиясын биле албадык, аты да, фамилиясы да белгисиз төртүнчү милиционер коркутуу жана күч колдонуу жолу менен Азаматты Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан өз үйүнөн алып чыгышып, участокко алып кетишкен жана ал жакта ырайымсыздык менен таякташкан.

ИИМ ГУБОПтун кызматкери Жабдалов Ильяс оор тери кур жана салмактуу кыңылтыр менен Азаматты сабап кирген, а калган үчөө болсо ага жардам берип турушкан. Азаматтын денесинде соо жери калган эмес, токмоктоонун себеби жөнөкөй эле болчу – алар Азаматтан акча талап кылышкан, ага оор кылмышты илип коюшаарын, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары көрсөтүшөөрүн айтып коркутушкан.

Бошотушкандан кийин Азамат бардык укук коргоо органдарына арыз жазып, кыйноолорду алдын алу уюмуна кайрылган. Бирок, эч ким жооп кылган эмес!

Биздин маалыматыбызда, бул милиционерлер бай жана таасирдүү адамдардын балдары, ата-энелери иштин жылышына мүмкүнчүлүк беришпейт. Мен Башкы прокурор, УКМКнын Төрагасы, КР Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жана ИИМ министри Кашкар Жунушалиев өзү бул иштен кабарсыз болсо керек деп ойлойм. Сиздерден бул фактыны коомчулукка жеткирүүңүздөрдү жана милиция акыр-аягы погончон кубулмалардан арылышы үчүн адилет чечим чыгарууңуздарды суранам!

Сиздердин калыстыгыңыздарга үмүт артуу менен реалдуу сүрөттөрдү жана милиционерлердин коркутканы жазылган видеоматериалды жөнөтүүдөмүн”, - деп айтылат катта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости