www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргеликте калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакынкы 5 жылда 653 айылдын, 22 шаардын жана 26 райондун борборлорун ичүүчү суу жана саркынды суу тармактарын куруу жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү милдеттери турат.

«Учурда өлкө калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыздалган эмес. Мындай жагдай жугуштуу оорулардын өсүү тобокелдигине алып келет, айрыкча айыл жергесинде жашаган жарандар үчүн. Ошондуктан жакынкы жылдары биз калкты ичүүчү таза суу менен толук камсыздоо милдетин чечүүгө тийишпиз», – деп белгиледи ал.

Ошондой эле вице-премьер-министр баса белгилегендей, ичүүчү суу жана саркынды суу тармактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу өтө кечиктирилип жүргүзүлүүдө.

«Ичүүчү суу жана саркынды суу тармактары боюнча орун алган көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик ички процедураларды аткарууну тездетүү зарыл», — деп баса белгиледи вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бардык коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарууну тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 9 айында ичүүчү суу жана саркынды суу тармактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу милдеттендирилди.

Маалымдама: Бүгүнкү күнү Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргыз Республикасынын 16 шаарында жалпы суммасы 11 млрд 384 миң сомду (142,3 млн евро) түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости