www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министрлиги коррупцияга малынган министрлик. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Айыл чарба министрлигинде "өллө" коррупция. Анын ичинде фитосанитардык көзөмөлдө өзгөчө өнүккөн. Эч ким карабайт ал жакты. Кыргызстандын картошкасы, пиязы, чесногу кайра келди, дегенди күндө окуп жатабыз. Урматтуу президент, мына ушул жерде "өллө" коррупция. Ушунун айынан канча дыйкан азабын тартып жатат", - деди Түлөбаев.
Депутат аталган комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаевге ушул маселе боюнча тапшырма берүүсүн суранды.
"Жаңы жылдын алгачкы айларында ирээтке салып, карап берели", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg