www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик кошоматчыларга алданбашы керек. Мындай пикирди мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 2-мартта билдирди.
--“Кыргызстанда октябрь окуясы болуп, азыркы бийлик мыйзамдуу түрдө келбегендиктен азыркыга чейин саясий абал турукташпай келет. Президент Садыр Жапаров элдин колдоосу менен өткөн. Анда ал элдин көптөгөн талаптарына убадаларды берген. Ал милдет катары кабыл алып иштеп баштады. Бирок кийин элдин алдында эки ачакей пикир айтып алып элдин кыжырана тийип койду. Ал эми досу Камчыбек Ташиев “мен президент кылам дегем кылдым” дейт. Бул айтканы туура эмес. Ал жөн гана жардам берди десек болот. Садыр Жапаровду эл колдоп, эл шайлады. Ошондуктан коомчулук түшүнбөй, кайрадан экиге бөлүнүп калды.
Мына Кыргызстан 30 жылдан бери турукташпай келет. Туруксуздук мамлекетти кыйла эле артка тартып койду. Башка коңшу өлкөлөрдүн экономикасы жана башка тармактары алдыга кетти. Чоң өнүккөн мамлекеттерди көрүп жатабыз, аларга жетүү кыйын. Булардын баарына баардык президенттер өздөрү күнөөлү. Себеби үй-бүлөлөрүнө, жакындарына башкартып коюшту. Президенттерибиз биринин катасын бири кайталап, ушундай туруксуз абалга кептелдик. Менин айтаарым, азыркы бийлик дагы жакындарына, кошоматчыларга алданбашы керек”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg