www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элмирбекке арнап китеп жазган Мелис Арып-Бек агайга ыраазычылык айтам”, - деди бүгүн, 11-августта NazarNews маалымат агенттигине Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

--“Элмирбек Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөчүлүк өнөрдүн туу башында келди.

Эл сүймөнчүгү, нукура акын Элмирбек Иманалиев таланты менен өлкөбүздө өткөн кадыр-барктуу конкурстарда, фестивалдарда бир нече жолу баш байгелерди жеңип алып, элибизге аттын кашкасындай таанылган. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү төкмөлөр менен айтышып, күч сынашып, башкы байгелерди жеңип, акындык өнөрдүн аброюн көтөргөн.

2003-жылы Казакстандын Астана калаасындагы төкмө акындар фестивалында башкы байгени утуп алып, казак бир туугандарыбыздын зор алкоосуна ээ болгон.

Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элбиздин  жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Мына бүгүн дагы аны эскерип, аны урматтаган адамдын эмгегине күбө болуп отурабыз.

Белгилүү журналист Мелис Арып-Бек агай бир канча адамдар тууралуу макала, китептерди жазган. Ошону менен катар Элмирбек Иманалиевге арнап “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китепти чыгарыптыр. Окусаң улуу муунга дагы, кичүү муунга дагы түшүнүктүү жазылган. Элмирбекке арнап китеп жазган Мелис Арып-Бек агайга ыраазычылык билдирем.

Коопсуздук биринчи орунда турса дагы, убакыт бөлүп, маданиятка көңүл бурууну туура көрдүм. Аз убакыт болсо дагы китептин бет ачаарына катышканыма абдан кубанычтамын. Биз маданият, спорт, ден-соолуктун баардыгын бирдей алып кетишибиз керек”, - дейт Иманкулов.

Белгилей кетсек, бүгүн белгилүү журналист Мелис Арып-Бектин кыргыздын алп акыны Элмирбек Иманалиевге арнаган “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китебинин бет ачаары болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости