www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Маркум Айзаданы уурдаган адамдарга өкүм чыкты

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук соту 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган жарандарга өкүм чыгарды.

Сот процессин судья Салтанат Есенкулова алып барды.

Кылмышка 5 киши айыпталган. Алар — Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Айыпталуучулар пандемияга байланыштуу сотко жеткирилген жок. Ошондуктан сот процесси онлайн режимде өттү.

Сот бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапты. Тактап айтканда:

- Замирбек Раманкулов 6 жыл 6 айга кесилди;

- Токон уулу Кубаныч 6 жыл 6 айга кесилди;

- Рысбай уулу Ажикабыл 7 жылга кесилди;

- Орузбек Нурумбетов 7 жылга кесилди;

- Сыймык Молдосариев 7 жылга кесилди.

Ошондой эле сот айыпталуучуларды Айзаданын үй-бүлөсүнө 100 миң сом материалдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирди.

Эске салсак, Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкек шаарынын четиндеги талаада токтоп турган унаадан табылган. Унаада аны уурдагандардын бири Замирбек Теңизбаевдин дагы жансыз денеси табылган. Ал Айзаданы зордуктап, муунтуп өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйган.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, укук коргоо органдарынын 44 кызматкери жазаланды.

Теңизбаевге Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо), 130-беренеси (Адам өлтүрүү) жана 161-беренеси (Зордуктоо) менен айып тагылган. Бирок Теңизбаевдин өлгөнүнө байланыштуу тергөө иши токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости