www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын делегациясы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Душанбеде өтө турган мааракелик саммитине катышпайт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусия президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимовго шилтеме кылып кабарлады.

"ШКУнун иш-чараларына меймандарды чакыруу укугу уюмга төрагалык кылып жаткан мамлекетте болот. Ооганстан уюмга байкоочу болгондуктан, кезинде чакыруу бул өлкөнүн мурдагы жетекчилигине жөнөтүлгөн. Азыр ШКУга мүчө бардык өлкөлөрдө Кабулда дүйнө коомчулугу тааныган легитимдүү өкмөт түзүлмөйүнчө, анын өкүлдөрүн чакырууга негиз жок деген бирдиктүү пикир бар. Ошондуктан Ооганстан ШКУнун Душанбедеги саммитине катышпайт", — деди Хакимов.

Тажикстандын бийлиги ооган делегациясынын ШКУнун 16-17-сентябрь күндөрү өтө турган мааракелик саммитине катышар-катышпасы тууралуу маалымат берген жок.

Күн мурун Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 16-17-сентябрда Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу өтөрүн билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу учурунда өлкө башчылары Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алышат. Иш-чаралар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.

ШКУ жыйыны уюмдун түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына арналат. Иш-чарага Индиянын премьер-министри Нарендра Моди (онлайн), Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Кытай төрагасы Си Цзиньпин (онлайн), Пакистан премьер-министри Имран Хан, Орусия президенти Владимир Путин, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев катышат. Тажикстанга биринчи жолу мамлекет башчысы катары Ирандын президенти Ибрахим Раиси келет. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жыйынга ардактуу конок катары катышат.

16-сентябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтүп, ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларус башчысы Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Орусия президенти Владимир Путин жана ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышат.

Күн мурун Беларус Коопуздук кеңешинин башкы катчысы Александр Вольфович "СБ. Беларусь сегодня" гезитине ЖККУ өлкөлөрүнүн контингенти Тажикстанга жайгашуусу мүмкүн экенин айткан. Ал Ооганстандагы соңку кырдаал трансулуттук коркунучтардын көбөйүшүнө алып келиши ыктымалдыгын, мындан улам Тажикстандын аскер күчтөрүн бекемдөө зарылдыгын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости