www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум ырчы Бекжан Темирхандын ата-энесине Сыймык Бейшекеев баштаган сахналаштары элдин колдоосу менен үй алып беришкен. Бекжан Темирхандын ата-энеси жаңы үйгө кечээ, 19-декабрда көчүп келишкен. Бул тууралуу журналист Шайырбек Абдырахман уулу соцтармактагы баракчасына билдирип, видеосун жарыялады. 

Анда КРнын Эл артисти Сыймык Бейшекеев  үйгө түлөө өткөрөлү деп чогулушканын билдирди. Анын айтымында маркум ырчы көзү тирүү кезинде ушул үйдү атасы менен чогуу көрүп, сатып алууну максат кылган.

Бул үйдө бардык шарттар бар. Керектүү буюмдарга чейин алынып берилген.

Эске салсак, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми Талгар Уланбеков оор абалда ооруканага жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости