www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Сумгаит шаарында дзюдо жана самбо боюнча машыктыруучу, Европа оюндарынын коло байгесинин ээси Мехман Халилов 7 жаштагы тарбиялануучусу Фарид Бакаровду сабап өлтүргөн. Бул башка тарбиялануучулардын көз алдында болгонун Vzglyad.az сайты билдирди.

Шаардагы белгилүү спортчу жашы жете элек балага орой жана коркунучтуу ыкманы колдонуп, натыйжада баланын мойну сынып кеткен. Бала ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабай анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Үрөй учурган окуяны спорт мектебинде орнотулган көзөмөл камерасы тартып алган. Кадрда машыктыруучу баланы тепкилеп, чачынан тартып жатканын көрүүгө болот.

Абайлаңыз, видеодо зордук-зомбулук көрүнүштөрү бар!

М.Халилов 2019-жылы Минск шаарында өткөн II Европа оюндарында САМБО боюнча мелдеште коло медалга ээ болгон. Ал башка жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде да жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн.

Учурда Халилов кармалып, ага карата “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости