www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жол тандабас унаа айдаган аял блокпосттон тиешелүү өткөрмө кагазы жок (пропуск) өтүүгө аракет кылып, чыр салды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, талкууларга жем таштаган. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ош ШИИБи маалымат берди:

“Ал жарандын өздүгү, авто унаасына байланыштуу маалыматтар аныкталган. Айдоочунун жүрүм-турумуна юридикалык баа берүү үчүн Ош ШИИБинин мекемесине чыр салган жаран 1-апрель күнү алып келинет”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда тараган видеодо аялдын “Мен кайда баратам? Артымда жол тыгыны болуп жатат. Менин жолдошум УКМКда иштейт. Приоритетти туура кой”,-деп айтканын угууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости