Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ээлеген кызматынан бошотулду
Расмий кабарлар  |   |  1071

Вице-премьер-министр Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями