Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду
Расмий кабарлар  |   |  1800

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык Чолпонбаев Космосбек Сариевич кызматынан бошотулду », - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями