www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Анда депутаттар учурдагы абалды талкуулап, өз талаптарын коюуда.

Депутат Алтынбек Сулайманов өзгөчө абал 15-апрелден ашып, созүлүп кетсе эл кыйналаарын билдирди.

“15 күндүн ичинде ар бир жаранды тактап, ошолордун өздөрүн карантинге алып, калганына эркиндик беришиңиздер керек. Болбосо мамлекет кыйналат, эл кыйналат. Бул айлап созулганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Өкмөт бага албайт элди. Элдин барын жумушунан алып койдук. Тейлөө жактагы иштегендер, алар эмне кылышат. Бүгүн ачка калышат да, эртең эмне кылат? Макул, бир ай чыдайт. Кошуналар, туугандар бар. А созулганга мүмкүнчүлүк жок. Тез арада 15-апрелге чейин өкмөт ушуну иштеп чыгышыңыздар керек. 10-20 миң тестиңер 3 млн доллар эле болот экен болгону...”,-деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости