www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту. Анын жүрүшүндө депутат Элвира Сурабалдиева коронавирус тууралуу маалыматты биринчи айтып чыккан адамдарды коркутуп, кечирим суратып атасыңар деп билдирди.

--Урматтуу УКМК, кимди алдап атасыңар? 1987-жылкы бала "Сокулукта карантинде 40 киши жатат",-деп шектелип элден кечирим сурады. Бирок, ал жерге өзүм күбө болуп барсам, чындыгында эле 40 киши карантинде жатат", - деп ЖК депутаты Элвира Суравалдиева айтты.

Эске сала кетсек, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери 30-мартта түн ичинде текшерүүдѳн ѳтүшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнүн өкүлү NazarNews.kg басылмасына билдирген.

"Дубайга эже-сиңдилер барып келишкен. Алар обсервацияга жатып, сиңдисинен коронавирус аныкталган. Чогуу барып келген эжесинен чыккан эмес. Ошол эжесинин жолдошу Сокулук районунда бөлүм башчысы болуп иштейт.

Ошондуктан Сокулук районунун мамлекеттик кызматкерлеринин бирине вирус жукту деген шектенүү жаралгандыктан кызматкерлер имараттан чыгарылбай, курчоого алынган.  Текшерүүнүн жыйынтыгы ыкчам түрдө чыгып, натыйжада алар таза чыккан. Дагы кошумча анализ тапшырышкан, алардын жыйынтыгы чыкканга чейин кызматкерлер райондук администрациянын мекемесинде карантинде  кармалышат.

Жергиликтүү тургундарды бул боюнча тынчсызданбай, айтылган бардык эрежелерди сактап, үйүнѳн чыкпоого чакырабыз», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости