www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Анда депутаттар учурдагы абалды талкуулап, өз талаптарын коюуда.
Депутат Жанар Акаев эл фейк маалыматтарга ишенип жатканын айтып, Массалык маалымат каражаттарына жок дегенде үчтөн, төрттөн журналисттерге өткөрмө бериш керектигин билдирди.
“Азыр өкмөт мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына пропуск бердиңер. Бирок, аларды эч ким окубайт да. Рейтинги жогору 20 сайттардын бири да пропуск алган жок. Аларга уруксат бериңиздер...Коомго пайдалуу журналисттерге бүгүндөн калбай, массалык маалымат каражаттарына сөзсүз пропуск бериш керек. Эгер журналисттерге пропуск бербесеңер, кыргыз эле фейк маалыматтарга ишенип жата берет. Карасаңар мамлекеттик каражаттарын көпчүлүк окубайт, керек болсо ишенбейт. Ал эми көз карандысыз сайттардын рейтинги жогору”,-дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg