www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «жолдошум УКМКда иштейт» деп коркуткан аялдын иш-аракети  боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) териштирүү жүргүзүп, анын өздүгүн тактады. Ал УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын хирургу Гамил Амановдун жубайы  44 жаштагы Зарема Токтомушева болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКдан NazarNews.kgге билдиришти.

Аялдын жосунуна байланыштуу 2020-жылдын 1-апрелинен тартып анын күйөөсү, дарыгер Гамил Аманов менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, материалдар Жазык кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, Ош шаарында Курманжан Датка көчөсү менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тосуп турган милиция кызматкерлерине социалдык тармактарда тараган видеодо аялдын “Мен кайда баратам? Артымда жол тыгыны болуп жатат. Менин жолдошум УКМКда иштейт. Приоритетти туура кой”,-деп айтканын угууга болот. Окуя 31-мартта саат 15:00 чамасында болгон.

УКМК өзгөчө абал режимин бузган бардык жарандар мыйзам чегинде жазаланарын эскертүүдө. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости