www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Депутат Рыскелди Момбеков бүгүн кабыл алынып, бүгүн ишине кире турган мыйзам эл үчүн эмес,  ишкерлер үчүн керектүү мыйзам экенин айтып, элге шылтабаш керектигин баса белгиледи.

“1-апрелден 1-октябрга чейин ишкерлердин салыгын узартып берип атабыз. Турабы? Анан эмне үчүн элге шылтап жатасыңар? Коронавирусту өзгөчө абал киргизилгенде биринчи карапайым эл жабыр тартып атат. Эл иши жок отурат. Алар эртеңкисин ойлоп отурат. Биз азыр Кыргызстанда мындай кырдаалда салыктын эртеңкисин эмес, калктын эртеңкисин ойлогула. Ишкерлердин эртеңкисин эмес, иши жок отургандардын эртеңкисин ойлобойсуңарбы. Азыр социалдык тармактарды карагылач “Жогорку Кеңеш өздөрүнө керектүү мыйзамдарды бекинип, кабыл алып отурат” деп айтып жатышат. Карапайым калкка кандай тиешеси бар. Биз байлардын салыгын узартып берип жатпайбызбы...А карапайым калк үйүндө отурат да...Элге эмне тиешеси бар?”,-дейт депутат Рыскелди Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости