www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Талкуу учурунда депутат Абдывахап Нурбаев экономикалык каатчылыкты эске алуу менен Өкмөт ыкчам түрдө ташып киргизилүүчү товарларга бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу багытында Евразиялык экономикалык комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин кошумчалады.
“Аталган биримдикке Кыргызстан киргенге чейинки ишкерлерди колдоо багытында кабыл алынган чараларды так аткарууну талап кылышыңыздар керек. Эгер ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын экономикасы колдоо албаса ЕАЭБдин кереги барбы?” – деди депутат Абдывахап Нурбаев.
Ага кошумча, Экономика министри Санжар Муканбетов бул сунуш Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жыйынында караларын билдирди.
Анын айтымында, ушул жумада комиссиянын видео жыйыны болот.
Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өткөн аптада ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн вице-премьерлеринин жыйынында бул уюмдагы өлкөлөрдөн кирген дары-дармектердин бажы төлөмдөрүн азайтуу жана азык-түлүк, дары-дармектерди тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg