www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 1-апрелине карата КР Саламаттык сактоо санитардык уюмдарында 1800 инфекциялык койканы кошкондо жалпы 25000 жакын койка бар. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн Республикалык штаб билдирди.

"Лабораториялык аныктоо учурунда коронавирус инфекциясы менен ооругандардын көпчүлүгү, биринчи кезекте, инфекциялык бөлүмдөрдүн стационардык койкаларына жаткырылат. 

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды кабыл алуу жана дарылоо үчүн Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында орундар толугу менен бошотулду.

Зарылдыка жараша, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн КР бардык аймактарындагы стационардык дарылоо мекемелери бошотулат.

КР Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө кырдаал шартында саламаттыкты сактоо уюмдарын кайрадан профилдештирүү жана коронавирус инфекциясы бар бейтаптарды жайгаштыруу үчүн атайын бөлүмдөрдү түзүү планын иштеп чыкты.

Республика боюнча 1943 койка кайра профилденет, анын ичинде 254 реанимациялык койка киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости