www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-апрелде Жалал Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков NazarNews маалымат агенттигине аталган аймактардагы акыркы кырдаал тууралуу билдирди.
"2020-жылдын 31-мартынан 1-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында жана коменданттык саат киргизилген аймактарда баары болуп – 16 кылмыш окуялар катталган.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 169 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 10, ал эми Сузак району боюнча – 8 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузушуп, ШРИИБге жеткирилген.
Ага кошумча аталган аймактардан жалпы - 64 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.
Ошондой эле, “Өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” буйругум менен күнүмдүк азык-түлүк жана керектелүүчү мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлүп жатат (өткөн сутка ичинде - 49 жүк ташуучу, - 8 жеңил унаалар өткөрүлгөн)", - деп Жеңиш Жоробеков билдирди.
Эске сала кетсек, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча коменданты болуп, КР ИИМ кызматынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков дайындалган.
Булак: NazarNews.kg