www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарында жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлеринен качып кеткенден кийин кармалган айдоочу №1 убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) киргизилди. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү 2 ай тергөө абагында камакта болот.

Ал Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү күзөт тосмону (будка) «Тойота Лэнд Крузер» унаасы менен талкалап, күзөтчү менен мушташып, милиция кызматкерлеринен Кеминге чейин качып барган. Аны Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлери кармаган. Анын унаасын текшерген учурда бычак жана ок атуучу курал да табылганы белгилүү болду. Айдоочу 1990-жылы туулган К.Ч. аттуу жаран экени такталган. Ал окуя учурунда мас абалда болгон.

Күзөтчү оор жаракат алган эмес. Ал укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 6-июнда саат 17:15 чамасында эркек киши башкарган «Тойота Лэнд Крузер» унаасы көп кабаттуу үйдүн короосуна катуу ылдамдыкта кирген. Анын айдоочусу кароолчуну сөгүп баштаган. Андан кийин күзөт тосмону талкалап, кароолчуга кол көтөрүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Жол тандабас Токмок шаарынын аймагында байкалып, жол тескөөчүлөр анын номуру жок экенин көрүшкөн. Бирок айдоочу тескөөчүлөргө баш ийген эмес. Токмок менен Кеминдин жол тескөөчүлөрү айдоочунун артынан түшүп, Боом капчыгайын чейин кууп барышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости