www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстанда ыктымал коронавирус жуктургандарды аныктоо үчүн мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери массалык түрдө медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
«Мамлекеттик мекемелер менен ишканалардын жетекчилери кол алдында иштеген кызматкерлерди өз эсебинен медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурлап жатышат. Текшерүүдөн өтпөгөндөрдү иштен алуу менен коркутуп жатышканы айтылууда. Ал эркектер үчүн текшерүүнүн баасы 100 манат ($28,5), аялдар үчүн 140 манат ($40)», — деп жазылат маалыматта.
Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип, көп адамдар катышкан массалык иш-чараларды өткөрүп келет.
Булак: NazarNews.kg