www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-июнда парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Руслан Чойбековдун мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын карайт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Чойбеков өзү мандатын тапшыруу тууралуу арыз менен БШКга кайрылган. Депутаттын өзүнөн арыз боюнча комментарий алууга мүмкүн боло элек. Чойбеков Казакстанда кармалган мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна 2018-жылдын апрелинде келген.

"Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Руслан Чойбековдун ордуна Руслан Молдошев депутат болууга тийиш болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-июнда Руслан Молдошевдин талапкерлердин тизмесинен өзүн чыгаруу тууралуу арызын да карайт. Муну менен №61 катардагы Замирбек Эсенамановго жол ачылууда.

Белгилей кетсек, Замирбек Эсенаманов 2005-2007-жылдарда Жогорку Кеңешке депутат болгон. Андан кийин Чүй облусунун Жайыл районунун акими болуп иштеген. 2010-2011-жылдарда жаратылыш ресурстары министри кызматын аркалаган.

2013-жылы УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Эсенамановду мыйзамсыз лицензия берген деп айыптап, бир жарым ай тергөө абагында кармаган. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен акталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости