www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болуп жатат. Анда айрым депутаттар желим баштык алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.
Жыйында аталган документти ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 1-окуудан карап, жактырды.
"Дүйнөлүк тажрыйба тыюу салынган учурда пластикалык таштандылардын көлөмү кыйла азаярын, натыйжада анын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири да төмөндөй турганын көрсөттү. Бул мыйзам долбоорун дал ушул максатта иштеп чыктык", — деди демилгечи депутат Марлен Маматалиев.
Желим баштыктын ордуна кандай баштык колдонулат деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул жагы мыйзам долбооруна киргенби, жокпу депутат Марлен Маматалиевге суроо салдык.
"2022-жылдан баштап, бизде желим баштык чыгарган компаниялар, жасала турган баштыктын сырыёсун башкага алмаштырат. Мисалы, экологиялык таза болуш үчүн баштыкты крахмалдан жасаса болот",- деди Маматалиев.
Булак: NazarNews.kg