www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров үйлөнө турган 207 жигитке калың төлөгөнгө 50 миң рублдан берүүнү тапшырды. Каражат анын атасы Ахмат Кадыровдун атындагы фонддон бөлүнөөрүн Чеченстандын Дин башкармалыгы 7-июнда "Инстаграмдагы" баракчасынан кабарлады.
Акча үйлөнүүгө камынып жатып коронавирус пандемиясына байланыштуу акчадан кыйналып калган жигиттерге берилет.
Пандемияга байланыштуу аймакта той өткөрүү эрежелери да өзгөрдү. Муфтият 25-майга чейин тойлорду чоң шаан-шөкөт менен өткөрүүгө тыюу салган. Эми үйлөнүү үлпөткө түгөйлөрдүн жакын туугандары гана катыша алышат.
Эске сала кетсек, Рамзан Кадыров 21-майда ооруканага түшкөнүн, ал коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн экенин бир катар орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Бирок ал өзү бул маалыматты четке кагып, жөн эле "диспансеризацияда болгонун" айткан.
Булак: NazarNews.kg