www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо митингинде 54 жаштагы Санкт-Петербургдук аял Маргарита Юдинаны тоголото ичке тепкен ОМОН ооруканага гүл көтөрүп келип кечирим сурады. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып, видеолорду жарыялашкан. 

Коопсуздук кызматынын үч кызматкери жаш баланы кармап бара жатканын көрүп, аларга эмне үчүн камадыңар деген суроо менен кайрылганда, аялды тоголото тепкен. ОМОН аялдын суроосуна токтолбостон туруп, Маргарита Юдинди ич талаштыра тээп жибергенде ал бышы менен асфальтка кулап түшкөн.

Жабырлануучунун палатасында коопсуздук кызматкери өзүнүн иш-аракетин мындайча түшүндүрдү: “Мен сизден терең кечирим сурагым келди, бул полиция кызматкери үчүн өтө оор күн болду. Мен ошол учурда эмне болуп жатканын билбей калгам. Кийин окуянын чоо-жайын билгенден кийин, өзүмдүн кылыгымдан уялып турам. Эмне кылышымды билбей калдым. Сизге сөз берем, шок абалымда эмне болуп жатканын да түшүнбөй калдык", - деди ал.

--“Мен түшүнөм. Бул адреналин. Кыжаалат болбоңуз, эң башкысы баарыбыз аманбыз. Караңызчы кандай соонун гүл көтөрүп келгенсиз”, - деди аял.

 24-январь күнү түштөн кийин орус басылмалары Маргарита Юдинанын башынан жаракат алып, реанимацияда оор абалда жаткандыгын кабарлаган, бирок кийинчерээк аялдын ден соолугу жакшы экени кабарланып, ал кадимки эле палатада дарыланып жатканы айтылды. Коомдук тартипти сактоо жана Санкт-Петербург шаарынын аткаруу бийлиги менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Сергей Музыка аялдан кечирим сурады. Мындан тышкары, бул окуяга катыштыгы бар ОМОН жумуштан алынары маалымдалды.

Ага утурлай эле, бир топ орус саясатчылары да бул окуя тууралуу өз ойлорун айтып, күч кызматкеринин аракетин кескин сындашты. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости