www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иркутск облусунда 25 жаштагы жаран Усть-Илимск шаарындагы военкоматка ок чыгарып, аскер комиссарын жарадар кылган. Бул тууралуу 26-сентябрда маалымдалганын Baza Telegram-каналы билдирди.

Социалдык тармактарда жергиликтүү аскер комиссары Александр Елисеев жарадар болгонун, ал реанимацияда жатканын кабарлады.

«Аскер комиссары Александр Владимирович Елисеев реанимацияда, абалы өтө оор. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Ок аткан адам дароо камакка алынган. Анан ал сөзсүз жазасын алат!», — деп жазган Кобзев.

Ок чыгарган жаран мобилизацияланганга көрсөтмө берип жаткан учурда аскер комиссарынын аркасына эки жолу ок чыгарган.

Кийинчерээк кол салган адамдын өздүгү белгилүү болду - ал 25 жаштагы жергиликтүү тургун Руслан Зинин болуп чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости