www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын министрлер кабинети 2023-жылга республикалык бюджетти 100 млрд сомго көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда кийинки жылдын бюджетин түзүү иштери жүрүп жатат жана бул багытта ири пландар бар. Анын көлөмүн жарыяланган суммага көбөйтүү салыктык жана бажы төлөмдөрүнүн байкалган көбөйүшүнө мүмкүндүк берет.

"Азыр бажы алымдарын жана салык жыйноодо жакшы жылыштар бар. Алар бардык түшүүлөрдүн 43%дан 53%га чейинкисин түзөт. Эгерде ишкерлердин бул аракеттери болбосо, анда менимче, биз кабыл алынган антикризистик планды жана 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашыра алмак эмеспиз.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылы январь айынан август айына чейин ИДП 505,9 млрд сомго чейин өстү. Өсүү темпи 8%ды түздү. Бул жакшы көрсөткүч. Өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдү карасак, анда пандемиядан кийинки мезгилде экономика рецессияда болгон. Бүгүн биз пандемиядан кийинки мезгилди өттүк деп айта алабыз. Экономика кадимки абалына кайтып, өсүү темптерин көрсөтүүдө. Бул бардык аймактарга тиешелүү", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости