www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейин Жалал-Абад облусунда 132 бош орун бар экендиги жарыяланган.

II айлампага катышуу үчүн жалпы 269 талапкер документ жиберип, анын 221и тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Компьютердик тестирлөөгө 212 талапкер катышып, 9 адам сынакка келген жок.

Жыйынтыгында 54 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 25%ын түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости