www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада Түштүк-Батыш метросунун станциясында өздөрү иштеген ишканага бойкот жарыялашты. Бул тууралуу мекендештерибиз социалдык тармактардан билдиришти.
Маалым болгондой, алар “Delivery Club” ишканасында жеткирүү кызматкерлери болуп эмгектенишет.
Мекендештерибиз айткандай, бул кадамга компания аларды баалабай калганына байланыштуу барышкан.
“Келгиле эс алуу күнүн алалы. Алар жакшылап ойлонушсун. Келгиле 5-июнга дем алыш күн кылалы. Компания бизди баалабай калды: күнүгө жөн жерден эле айып пул салып жатышат, өздөрүнүн эрежелерин коюшат, каалаган жерине жиберип жатышат. Келгиле дем алыш күн кылалы, алар жакшылап ойлонсун. Бул жерде эч ким мажбурлаган жок”,-деп курьерлердин бири айтты.
Булак: NazarNews.kg