www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары акция өтчү жердин дарегин алмаштырды. Буга шаар бийлигинин борбордук кварталдарды жаап, метролорду токтотуп, Лубянская аянтына барчу жолду бууп салганы себеп болду.
Навальныйдын штабынын телеграм-каналы адамдарды «Сухаревская» жана «Красные ворота» метролоруна чогулууга чакырды. «Сухаревская» метросунун босогосунан полиция адамдарды кармай баштады. Чогулгандар Комсомольская метросун көздөй жөнөштү.
Москвада камактагы оппозициялык саясатчыны колдоп жүздөгөн адамдар митингге чыкты. Орусия убактысы менен саат 12:30да отуздан ашык адам кармалган. Бийлик 300 киши акцияга чыкканын билдирди. Петербургда да полиция акцияга чыккандарды кармай баштады. Ар кандай маалыматтар боюнча бул аймакта бир нече миң киши көчөгө чыкты. ОВД-Инфонун маалыматында Орусия боюнча беш жүздөн ашык киши кармалды. Навальныйды колдоо акциялары Орусиянын бир нече шаарында өтүп жатат.
23-январда ушундай эле ураан менен Орусиянын 110дон ашуун шаарында өткөрүлгөн жыйындарга катышкан 4 миңдей киши коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Навальныйды эркиндикке чыгаруу талабын эл аралык коомчулук билдирүүдө. Алардын арасында АКШ жана Европа Биримдиги да бар.
Орусия бийлиги Навальныйдын шериктерин жана башка оппозиция өкүлдөрүн четинен кармап, айрымдарын үй түрмөгө отургузууда.
Сотрудник полиции дразнит нашего корреспондента и тыкает в него дубинкой после попытки взять интервью у задержанного pic.twitter.com/CtzmQwN1sW
— Настоящее Время (@CurrentTimeTv) January 31, 2021
Булак: NazarNews.kg