www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа өлкөлөрү Sputnik V вакцинасы менен жарандарын эмдей баштады

Сан-Марино өлкөсү коронавируска каршы орусиялык Sputnik V вакцинасы менен жарандарын эмдөөнү баштады. Маалыматты аталган өлкөнүн расмий булактары тастыктаганын чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алгач жергиликтүү дарыгерлер эмделет. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ал эми Италиянын жарандары эмдөөдөн өткөрүлбөйт.

Сан-Марино алгач Италия менен вакцинаны алып келүү боюнча келишим түзгөн. Бирок, 27-декабрдан тарта, Европа Биримдигинин 27 өлкөсүндө эмдөө иштери башталгандан бери, республика ЕБ тарабынан бекитилген бир дагы вакцинаны ала элек. Орусиялык вакцина Сан-Мариного 23-февралда жеткирилген.

18-февралда Черногорияга Sputnik V вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилген. Өкмөт алгач эмдөөнү алдыңкы катардагы медициналык кызматкерлерден баштоону пландоодо.

Эске салсак, Sputnik V дүйнөдөгү коронавируска каршы катталган алгачкы вакциналардын бири.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости