www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө үчүн 500 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу бүгүн “Биринчи радиого” берген маегинде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, 19-февралда Россияга болгон иш сапарынын алкагында министр Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугуп, вакцина боюнча маселе дагы бир жолу талкууланган.

“Спутник V” вакцинасын алып келүү боюнча маселе чечилди. Ал этап-этабы менен Кыргызстанга жеткирилип турат. Ошондой эле жолугушуу учурунда Россияда жүргөн кыргыз жарандарын эмдөө боюнча маселе дагы каралып, чечилди. Эми Россиянын жарандарындай эле ошол жакта жүргөн кыргыз жарандары дагы бекер эмдөөдөн өтөт”, - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости