www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 4-июлда “Глобалдык өнүгүү: жалпы миссия жана аракеттин баалуулугу” урааны астында өтүүчү Жогорку деңгээлдеги медиа жана аналитикалык борборлор форумуна куттуктоо катын жөнөттү.
Ага дүйнөнүн төрт бурчунан 160тан ашык мамлекеттен өкүлдөр жана ошондой эле, NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева катышты.
Кытай лидери өзүнүн куттуктоосунда, азыркы учурда кылымдык COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнөдө бир кылымда болуп көрбөгөндөй фундаменталдуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын, глобалдык экономиканы калыбына келтирүү алсыз бойдон калып жатканын, ошол эле учурда Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы өнүгүүнүн ажырымы кеңейүүдө, бүткүл дүйнө жаңы турбуленттүүлүктүн жана трансформациялардын мезгилине кирди, ошондуктан глобалдык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү адамзаттын алдында турган башкы милдет болуп калганын белгиледи.
Буга байланыштуу Си Цзиньпин андан ары Кытай Глобалдык өнүгүү демилгесин баштаганын белгилеп, Кытай дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен биргелешип иштөөгө, адамдарга багытталган мамилени карманууга, инклюзивдүүлүк жана жалпы жыргалчылык принциптерин сактоого умтулууга даяр экенин кошумчалады. Инновациялар жана адам менен табияттын гармониялуу жанаша жашоосу аркылуу өнүгүүнү эл аралык күн тартибинде биринчи орунга коюуга дем берүү, БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү күн тартибин ишке ашырууну тездетүү жана ошону менен дагы динамикалуу, экологиялык жана сергек глобалдык өнүгүүгө салым кошууну белгиледи.
Бул форум ошол эле күнү Пекинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин басма сөз кызматы тарабынан Кытайдын Коомдук илимдер академиясы, Мамлекеттик кеңештин өнүктүрүү изилдөө борбору жана Кытай медиа корпорациясы (CMG) менен биргеликте уюштурулган.
Булак: NazarNews.kg