www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте, №185 маршруттук каттамдын айдоочусу колунда баласы бар аялды маршруттан кууп чыкты. Бул тууралуу жергилитүү булактардын бири күбөгө таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-мартта саат 17:30дар чамасында “Дордой” базарынын жанында болгон.
Аталган маршруттун айдоочусу аял жыйыла турган коляска менен түшкөнү үчүн түшүрүп салганы маалым. Коляска эч кимге тоскоолдук жараткан эмес. Ал эми аял болсо колундагы бала менен отурбай эле туруп бараткан.
Кадрларда көрүнүп тургандай айдоочу аял көп жерди ээлеп, башка жүргүнчүлөрдү салууга тоскоолдук жараткандыктан, аны түшүрүп салган.
Негизи маршруттук каттамдын бир жүргүнчүсү жети жашка чейинки бир баланы жана 20 килограммга чейинки жүктү алып жүрүүгө укугу бар. Эгерде жүргүнчүнүн баласы 7 жаштан өткөн болсо жана жүгү 20 килограммдан ашса, ар бир 20 килограммга 10 сомдон төлөнөт.
Булак: NazarNews.kg