www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 8-март күнү эркектердин аялдарга болгон зомбулугуна каршы акциясын өткөрүүгө тыюу салды.
Буга аталган райондун администрациясынын сотко кайрылуусу негиз болду. Анда Биринчи май райондук администрациясы коронавирустун жайылышына жана чыр-чатактарды алдын алуу үчүн мындай кадамга барып жаткандыгы түшүндүрүлгөн. Жалпысынан ар кандай митинг, пикеттердин өтүшүнө 1-июлга чейин тыюу салуу сунушталган.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 8-мартындагы акция түшүнбөстүктөр менен коштолгон. Анда аялдардын укугун коргоодон сырткары акцияга ЛГБТ өкүлдөрү дагы катышкандыгы белгилүү.
Булак:NazarNews.kg