www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара пияр кылуу жагынан Атамбаев мастер, ага ишенбегиле. Жеке мен Райым Матраимов жеп койду дегенге ишенбейм. Шайлоого аттанган “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программаларын колдойм.  Мындай пикирин  белгилүү коомдук ишмер Нурлан Мотуев  өзүнүн Youtube каналына жарыялады. 

«Ассалам алейкум, урматтуу эл-журт. Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо болот. Ага 16 партия катышып жатат. Бүгүнкү мен кеп кыла турган “Мекеним Кыргызстан” партиясы. Сөз айланып келип мурдагы президент Атамбаевге барып такалат. Андыктан кириш сөз катары айта кетсем: 

“Бузуку, кыргызга миң жылда бир келчү кырсык аталган ууру, коррупционер киши өлтүргүч, Кокондон кул болуп, тентип келген Алмазбек Атамбаев кыргызга көп жаман нерселерди жасады. Мисалы, Кытайга 3 млрд доллар карыз кылып, ал акчанын көбүн жакын аны-мунулары менен өзү жеп койду. Азыр анын теңинен көбү түрмөдө олтурат. Кытай карызды төлөгүлө деп коколоп турат. Кыргызстандын ар бир атуулу 700 доллардан карыз болуп калдык. Жетимиштеги чалдардан баштап, жаңы төрөлгөн баладар да  карыз болуп төрөлүп атат. Бул деген Атамбаевдин Кыргызстанга кылган акмакчылыгы. Анысы аз келгенсип газды  Россиянын газпромуна 1 долларга эле карматты. Ага каршы чыгабыз деп баарыбыз түрмөгө олтуруп чыктык. Элибиз кыйналып, кедей болуп кетти.

Мисалы, Акаев менен Бакиевдин заманында свет, газ абдан арзан болчу.

Кыргызга кылдай жакшылыгы жок Атамбаев, паспортубуздан кыргыз деген атты өчүрдү. Кыргыздан тың чыкма уулдарын бүт каматты. Камата албай калгандарын сотко берип үй-жайларын утуп алып атты. Мунун кордугуна чыдабай кыргыздын уулдарды чет өлкөгө качып кетти.

“Особняк” берип сатып алган “Азаттыктын” жетекчиси Венера Жумтаева Атамбаевдин “заказын” аткарып турчу.  Митингде азан айтканымды “Азаттык” кескилеп, тантыратып көрсөтүп, көп жылдарга чейин эл түшүнбөй жүрдү. 

“Азаттыкка” эмнеге токтолуп атам, мурунку бажынын жетекчиси Райым Матраимов аттуу атуулду 2019-жылга чейин эч ким таануучу эмес. Өмүр баянын карап көрсөм, 2010-2017-жылдары, Атабаев президент болуп турганда да иштептир. Анан эле жеп жуткуч Атамбаев  өзү бийликтен түшкөндөн кийин мынча-тигинче  жеп койду деп атып, Райымды жаманатты кылып салды. Жеп койгонуна мен ишенбейм. Кара пияр кылуу жагынан Атамбаев мастер, ишенбегиле. Жеке мен Райым Матраимов жеп койду дегенге ишенбейм.  

Эми Райым Матраимов түзгөн “Мекеним Кыргызстан” партиясын талдап көрсөк:

Программасында референдум жолу менен 60 депутаттыкка алып келебиз, көчө соодасына уруксат беребиз дегени карапайым эл үчүн эң маанилүү. Атамбаев убагында көчө соодасына кысым кылып, эл тентип кетти. Карапайым эл соода кыла албай калды. Ошону “Мекеним Кыргызстан” кайра алып келебиз дептир.

Айтайын дегеним Атамбаевдин Райымды жаманатты кылганына ишенбейм. Ал эми 4-октябрдагы тагдыр чечүүчү шайлоого өзүңөр тыянак чыгарасыңар деп ишенем!”, -  деди Мотуев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости