www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан акыркы бир нече күндүн ичинде мыйзамсыз 30 килограммдан ашык баңги заттары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында гашиш баңги затын өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1985-жылы туулган И. А. аттуу жаран кармалган. Шектүүдөн кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү таңгактар салынган баштык алынган. Алынган баңги заттын жалпы салмагы 10 килограмм 195 граммды түзгөн.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алынган баңги заттардын баасы болжол менен 40 миң долларды тегереги.

Бул учурда дагы кызматкерлер Жалал-Абад облусунда дагы баңги заттардын ири партиясын сатууга бөгөт коюшту. Анда кызматкерлерге кебетеси азиялык болгон болжол менен 35-40 жаштардагы адам өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдө деген маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында баңгизаттарды өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1983-жылы туулган А. Д. аттуу тургун кармалган. Унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда өзгөчө жыты бар баштык табылган. Соттук-химиялык эскпертизанын жыйынтыгы менен жогорудагы баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 34 граммды түзгөн героин баңги заты бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ушуга катар эле Жалал-Абад облусунун аймагында марихуананы ири өлчөмдө сатууну көздөгөндөрдү кармоо боюнча дагы бир атайын операция жүргүзүлгөн. Натыйжада Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан ири өлчөмдөгү баңги заттарды сатууга аракет кылган 1997-жылы туулган Т. Б. аттуу тургун менен мурда соттолгон 1977-жылы туулган А. К. аттуу тургун кармалган.

Унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда 20 килограмм 816 грамм өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү марихуана салынган кап табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости