www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек—Ош унаа жолундагы ашууларда кар жаады. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Суусамыр — Талас жолундагы Өтмөк ашуулары кардан тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдады.

 "Ашууларда бүгүн, 18-сентябрга караган түнү жааган кардын калыңдыгы 10-15 см болгон. Карга байланыштуу унаалардын каттамына кыйынчылыктар жаралган. №9 жана №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап, учурда каттам толугу менен ачык"- деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости