www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жаңы жетечи келди

Шамбетов Уран Узбекович Чүй облусунун Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев кол койгон.

Бүгүн, 18-сентябрда Жайыл РИИБнин өздүк курамына жаңы дайындалган жетекчиси тааныштырылды.

Буга чейин Жайыл райондук ички иштер бөлүмүн Тилек Өмүралиев башкарып, Шамбетов Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Уран Шамбетов 1977-жылы 28-мартта Талас облусунда туулган. Ал Талас шаарынын Ички иштер бөлүмүн жетектеп, убактылуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыштуу милиция кызматынын башчысынын орун басарынын милдетин аткарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости